Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 03:18
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Кыргызстан менен РФнын өзгөчө кырдаалдар тармагында кызматташтыгы талкууланды

01.03.2023 14:45
299
Кыргызстан менен РФнын  өзгөчө кырдаалдар тармагында кызматташтыгы талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россиянын жарандык коргонуу иштери, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча министри Александр Куренков менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн куткаруу ведомстволорунун өз ара аракеттенүүсү, өзгөчө кырдаалдарда, биринчи кезекте табигый кырсыктарда аракеттерди координациялоо маселелери талкууланды.

"Жакында Түркиядагы ири масштабдагы кыйратуучу зилзала баарыбызды сестендирип, бүткүл адамзаттын баалуулуктарын өзгөрттү. Кыйынчылык жайгашкан жерине, улутуна, же жарандыгына карабастан келет. Өзгөчө кырдаалдар учурунда саясий, экономикалык, диний жана башка артыкчылыктар экинчи планга түшөт. Биз бардыгыбыз адамгерчилик принцибин жетекчиликке алабыз. Калкты жана аймактарды табигый кырсыктардын жана техногендик кырсыктардын кесепеттеринен коргоону камсыз кылуунун бардык актуалдуу маселелери боюнча учурда эки өлкөнүн тиешелүү ведомстволору ортосунда жемиштүү кызматташуулар ишке ашырылууда", - деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, жыл өткөн сайын эки тараптуу кызматташтык активдешип, кесипкөй ишмердүүлүктүн көптөгөн багыттары алдыңкы тажрыйба алмашуунун предмети жана өз ара пайдалуу долбоорлорду илгерилетүү үчүн негиз болуп саналат.

Бул жагдайда министрлер кабинетинин төрагасы россиялык өндүрүштөн чыккан 40 өрт өчүрүүчү унаа түрүндө берилген техникалык жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде өзгөчө кырдаалдар министри Александр Куренков Кыргызстан Россиянынмаанилүү стратегиялык өнөктөшү жана союздашы катары саналарын билдирди.

Ал Түркиядагы куткаруу иштеринин жүрүшүндө кыргызстандык куткаруучулардын натыйжалуу ишин белгиледи.

«Кырсык болгондон 13 күн өткөндөн кийин кыргызстандык куткаруучулардын аракети менен 3 адам тирүү табылган. Муну керемет көрүнүш катары түшүнсөк болот», - деди Александр Куренков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн