Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 07:21
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Кыргызстан менен Россия аскердик-техникалык жаатта кызматташат

23.11.2021 13:28
1058
Кыргызстан менен Россия аскердик-техникалык жаатта кызматташат

Кыргызстан менен Россия аскердик-техникалык кызматташтык боюнча 459 миллион сомдук (5,5 миллион доллар) келишим түздү. Бул туурасында "Дастан" трансулуттук корпорациясынан билдиришти.


Макулдашуу корпорация менен "Рособоронэкспорт" акционердик коомунун ортосунда түзүлгөн.


"Дастандын" башкаруучулугун төрагасы Талантбек Иманов келишимге ылайык Россиянын Аскер-деңиз флотуна УСЭТ-85 (электр торпедасы) жана аны текшерүү-жөнгө салуу станциясы үчүн 54 аппараттык модуль чыгарып берерин билдирди.


"Келишим 459 миллион сомго эсептелди, мурда аталган сумма корпорациянын жылдык бюджетин түзчү. Бул макулдашуу россиялык өнөктөштөргө "Дастан" корпорациясынын потенциалын көрсөттү деп ишенебиз. Россиянын Аскер-деңиз флоту үчүн тетиктерди, суу алдындагы деңиз куралдарынын жабдыктарын жеткирүү ушуну менен токтоп калбайт деп үмүт артабыз", — деди Иманов.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн