Баш оона 22, 2025
Убакыт: 07:48
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Кыргызстан менен Россия ортосунда жүргүнчү ташуучу поезддер каттай баштайт

25.05.2022 13:11
1265
Кыргызстан менен Россия ортосунда жүргүнчү ташуучу поезддер каттай баштайт

6-июндан тартып Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы жүргүнчүлөрдү ташыган темир жол каттамы жанданат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы билдирди.


Бишкек-Казан багыты ар аптанын дүйшөмбү, Бишкек-Самара багыты жумасына эки жолу, шаршемби жана жума күндөрү, Бишкек-Новосибирск багыты сегиз күндө бир жолу каттайт.


Бишкек-Казан багыты боюнча биринчи каттам 6-июнда, Бишкек-Самара 8-июнда, Бишкек-Новосибирск 9-июнда каттай баштайт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн