Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 10:50
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Кыргызстан менен Россиянын Коргоо министрлери кандай маселелерди талкуулады?

26.02.2021 10:25
2098
Кыргызстан менен Россиянын Коргоо министрлери кандай маселелерди талкуулады?

2021-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн президенти – Куралдуу Күчтөрдүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаровдун Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Москва шаарында Кыргыз Республикасынын коргоо министри Таалайбек Өмүралиев Россия Федерациясынын коргоо министри Сергей Шойгу менен жолугушту. Бул тууралуу КР Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аскердик жана аскердик-техникалык чөйрөдө кыргыз-орус кызматташтыгынын учурдагы абалы жана андан ары өнүгүүсү жөнүндө пикир алмашты. Ошондой эле Борбордук Азия регионунда стабилдүүлүктү сактоо жана коргоо тармагындагы маселелеринде бирге аракеттешүүсү талкуулады.


Жолугушуунун жыйынтыгында коргоо ведомстволорунун башчылары учкучсуз учуучу аппараттарын пайдалануу боюнча кызматташуу жөнүндө Протоколго жана 5 жылдык мөөнөткө аскер жаатындагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү Программасына кол коюшту.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн