Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 21:02
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргызстан менен Россиянын акыйкатчылары видео жолугушуу өткөрдү

14.07.2022 20:09
516
Кыргызстан менен Россиянын акыйкатчылары видео жолугушуу өткөрдү


Кыргызстандын акыйкатчысы Атыр Абдрахматова 13-июлда Россиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова менен видео жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Жолугушууда көп тараптуу жана эки тараптуу өз ара кызматташуу маселелери талкууланды. Балдардын укуктарына жана кыргызстандык мигранттардын укуктарын коргоого өзгөчө көңүл бурулду.

Атыр Абдрахматованын россиялык кесиптештерине Россияда жүргөн мигранттардын жана кыргызстандыктардын укуктарын коргоо маселелерин ыкчам чечүү үчүн Россиянын ар кайсы аймактарында иштеген Кыргызстан акыйкатчысынын коомдук жардамчылары менен тыгыз байланыш түзүү сунушу колдоого алынды.

Жолугушуунун жүрүшүндө өз ара кызматташтыкты бекемдөө үчүн алдыдагы жолугушуулар боюнча күн тартиби белгиленди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн