Бугу 22, 2025
Убакыт: 20:24
USD
87.30
87.80
EUR
98.80
99.80
RUB
1.095
1.125

Кыргызстан менен Россиянын премьер-министрлери валюта жана мунайзат рыногундагы кырдаал тууралуу телефон аркылуу пикир алмашты

10.03.2020 09:17
925
Кыргызстан менен Россиянын премьер-министрлери валюта жана мунайзат рыногундагы кырдаал тууралуу телефон аркылуу пикир алмашты


Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Өкмөт башчылар Кыргызстан - Россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана ар кыл чөйрөдөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашкан.  


Ошондой эле Евразия экономикалык биримдиги боюнча кызматташуу маселелерине, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын эриш-аркак жылынын алкагында өткөрүүчү иш-чараларга көңүл бурулду.


Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев жана Михаил Мишустин валюта жана мунайзат рыногундагы кырдаал тууралуу пикир алмашып, дүйнөдө түзүлгөн экономикалык конъюнктуранын кесепеттерин азайтуу боюнча биргелешкен иш-аракеттерди талкуулашты.


Тараптар эки мамлекеттин элдеринин кызыкчылыгы үчүн кыргыз-орус алакасынын бардык багыттары боюнча өз ара кызматташууну улантууга жигердүүлүгүн билдиришти.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн