Бугу 02, 2024
Убакыт: 11:50
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Кыргызстан менен Россиянын соода жүгүртүү көлөмү 2,5 млрд долларга жакындады

25.02.2022 09:31
730
Кыргызстан менен Россиянын соода жүгүртүү көлөмү 2,5 млрд долларга жакындады

Нур-Султан шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.


Жолугушуунун жүрүшүндө Акылбек Жапаров Кыргыз жарандарынын Орусиянын аймагында жүрүүсү боюнча маселени көтөргөн. Өз кезегинде Михаил Мишустин Орусия менен Кыргыз өлкөсүнүн көп кылымдык достугуна негизделген стратегиялык мамилелерди баалай турганын баса белгилеген.


"Эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык динамикалуу өнүгүп жатат. Ошентип, өткөн жылы эки мамлекеттин ортосундагы товар жүгүртүү 47 пайызга өсүп, 2,5 миллиард долларга жакындады. Гуманитардык тармактагы кызматташтык кеңейүүдө", - деген ал. 


Мишустин белгилегендей, эки өлкөнүн ортосунда өнөр жай, машина куруу, радиоэлектроника, санариптик экономика, жашыл энергетика жана транспорт тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу перспективалары бар.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн