Бугу 15, 2024
Убакыт: 13:50
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Кыргызстан менен Швеция ортосундагы коомдук саламаттыкты сактоо чаралары талкууланды

10.07.2020 17:07
1023
Кыргызстан менен Швеция ортосундагы коомдук саламаттыкты сактоо чаралары талкууланды


 

КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Швециянын тышкы иштер министри Анн Линде менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.



Маектешүүнүн жүрүшүндө министрлер коомдук саламаттыкты сактоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттөрү тарабынан көрүлүп жаткан чараларды талкуулашты. Коронавирустук инфекциянын мындан аркы жайылышы жана анын социалдык-экономикалык кесепеттери менен күрөшүүнүн алкагында натыйжалуулукка багытталган кызматташуунун маанилүүлүгү белгиленди.



Учурдагы эпидемиологиялык кырдаал жана COVID-19 пандемиясынын жайылышын болтурбоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу пикир алмашуу болду. Коронавирустук инфекциянын пандемиясына жана анын социалдык-экономикалык кесепеттерине каршы күрөшүүнүн алкагында тараптардын практикалык өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү макулдашуусу жетишилди.

 
Соода-экономикалык байланыштарды активдештирүүгө жана укуктук-келишимдик базаны кеңейтүүгө өзгөчө басым жасоо менен эки тараптуу мамилелердин бардык комплексин мындан ары интенсификациялоо жөнүндө макулдашуу жетишилди. Эл аралык уюмдардын алкагында тараптардын демилгелерин өз ара колдоо жана ЕБнын, БУУнун жана ЕККУнун алкагында көп тараптуу кызматташуу багыты боюнча өз ара аракеттенүүнү бекемдөө маселелерине көңүл бурулду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн