Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Марипов Сауд-Кыргыз ишкерлер кеңешинин жаңы дайындалган төрагасы Саад бин Али Аль-Кахтани менен жолугушту.
Тышкы иштер министрлигинен маалымдашкандай, анда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну мындан ары чыңдоо жана кеңейтүү жолдорун талкуулашты.
Улукбек Марипов эки өлкөнүн мамлекеттик органдары деңгээлиндеги визиттердин активдүү алмашуусун, саудиялык ишкерлер делегацияларынын Кыргызстанда өтүп жаткан бизнес-форумдарга катышуусун, ошондой эле Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосунда үзгүлтүксүз түз авиакаттамдардын ишке киргизилишин баса белгиледи.
Өз кезегинде Саад бин Али Аль-Кахтани Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосундагы кызматташтыктын динамикалуу өнүгүшүнө жогору баа берди. Ал эки өлкөнүн учурдагы соода-экономикалык жана инвестициялык потенциалын максималдуу кеңейтүү үчүн жаңы түзүлгөн бизнес-кеңеш аркылуу соода-өнөр жай палаталарынын ортосундагы кызматташтыкты активдештирүүнүн маанилүүлүгүн айтты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн