Бугу 06, 2024
Убакыт: 01:44
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргызстан менен Сент-Люсиянын ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулат

21.09.2023 13:21
290
Кыргызстан менен Сент-Люсиянын ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулат


Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Сент-Люсиянын эл аралык соода жана жарандык авиация министри Альва Романус Батиста Кыргызстан менен Сент-Люсия ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө биргелешкен коммюникеге кол койду.

КР ТИМден билдиришкендей, кол коюу аземи күн мурун, 20-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тышкы саясий ведомстволорунун жетекчилери Кыргызстан менен Сент-Люсия ортосундагы эки тараптуу деңгээлде жана эл аралык уюмдардын, биринчи кезекте БУУнун алкагында кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө жана өз ара аракеттенүүнү орнотууга көмөктөшүүгө өз ара ниеттерин билдиришти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн