Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 06:15
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Кыргызстан менен Таджикистандын ички иштер министрлери чек ара аймактарындагы коопсуздукту талкуулады

06.04.2021 22:04
696
Кыргызстан менен Таджикистандын ички иштер министрлери чек ара аймактарындагы коопсуздукту талкуулады



2021-жылдын 6-апрель күнү Таджикистан Республикасынын Согдий облусунда Кыргыз Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков менен Таджикистан Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-полковниги Рахимзода Рамазон Хамронун расмий жолугушуусу болду.  Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ички иштер органдарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуусуна тиешелүү болгон маселелер талкууланды. Кыргыз Республикасынын Баткен облусу менен Таджикистан Республикасынын Согдий облусунун чек арага чектеш региондорунда коопсуздук менен туруктуулукту камсыздоо максатында бирдиктүү күч-аракеттерди жумшоо керектиги айтылды.


Андан соң эки өлкөнүн ички иштер министрлери башында турган атайын кызматтарынын жетекчилеринин катышуусунда кеңири чөйрөдөгү жолугушуу болуп өттү.


Ошондой эле, жолугушууда кылмыштуулук, терроризм, экстремизм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү жана эки тараптын кызыкчылыгын көздөгөн актуалдуу маселелер талкууланды. 


Ички иштер министрликтердин чек арага чектеш региондорундагы ички иштер органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин ортосундагы байланышты бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулду.


Макулдашуунун жыйынтыгы кылмыштуулук менен күрөшүүнүн бардык багыттары боюнча кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө кызыктардыгын жана көп жылдык ишмердүүлүктүн укуктук негиздерин бекемдөөгө даярдыктыгын дагы бир жолу тастыктады.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн