Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:38
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Кыргызстан менен Тажикстан 0:0 эсебинде ойноп, экөө тең Азия кубогуна чыкты

14.06.2022 22:59
1020
Кыргызстан менен Тажикстан 0:0 эсебинде ойноп, экөө тең Азия кубогуна чыкты

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Тажикстандын командасы менен оюн өткөрдү.


Беттеш 2023-жылы өтө турган футбол боюнча Азия кубогуна тандоо турунун алкагында Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда болду.


Биринчи таймда "Ак шумкарлар" дээрлик топко ээлик кылып, кооптуу чабуулдарга байма-бай чыгып жатты. Бирок эсеп ачылган жок. Экинчи таймдын 64-мүнөтүндө кыргыз футболчусунун оң тараптан көтөрүлгөн тобу атаандашынын дарбазасынын алдынан өтүп кетти. Топ жүгүрүп келе жаткан Гүлжигит Алыкуловдун алдынан өтүп кетти.


Эскерте кетсек, Азия кубогунун тандап алуу оюндары алты өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда өттү. F тайпасында Кыргызстан, Тажикстан, Мьянма жана Сингапурдун командалары жайгашкан. Бул тайпадагы оюндардын баары Бишкекте жүрдү.


Бардык оюндардын жыйынтыгында Кыргызстан менен Тажикстандын курамасы жети упай топтой алды. Андан кийин Сингапур үч, Мьянма нөль упайы менен акыркы орунду ээледи.


Азия кубогу үчүн 24 курама команда күч сынашат. Буга чейин алардын 13ү аныкталса, калган 11и тандоо турунан өтүүдө. Тандоо туру жогоруда айтылгандай, алты өлкөдө алты тайпага төрттөн команда болуп бөлүшүп, оюн өткөрүүдө. Ар бир тайпанын биринчи орун алган командасы жана экинчи орун алган беш курама (гол, упайлардын артыкчылыгына жараша) жолдомо алат. Ошондо экинчи орун алган бир команда Азия кубогуна катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт.


Ал эми F тайпасында буга чейин эле Тажикстан менен Кыргызстан алты упай топтоп Азия кубогуна жолдомо алган болчу. Себеби B тайпасында Палестинанын курамасы үч оюндан кийин тогуз упай менен биринчи орун алса, Филиппин үч оюндан кийин төрт упай менен экинчи орунда турганы менен тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Мындан улам “Ак шумкарларга” Азия кубогуна жолдомо алуу үчүн алты упай гана жетиштүү болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн