Баш оона 21, 2025
Убакыт: 22:57
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Кыргызстан менен Тажикстан 23 гектар жерди алмашат

24.02.2020 16:10
834
Кыргызстан менен Тажикстан 23 гектар жерди алмашат


Кыргызстан менен Тажикстан 23 гектар жерди алмашуу үчүн макулдашкан. Бул тууралуу Тажикстандын «Азия-Плюс» маалымат сайты жазып чыкты. Анда айтылгандай, эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери жетектеген чек араны делимитациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 22-февралда Баткен облусунда өткөн жумушчу жыйынында ушундай келишимге жетишкен.


Бирок, ошол эле учурда кайсы аймактардын алмаштырыла тургандыгы айтылган эмес. Мындан сырткары, Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун 2020-жылга кызматташуу иш-чараларынын планы бекитилген. Аталган маселе боюнча кезектеги жолугушуу ушул жылдын март айынын аягында болмокчу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн