Бугу 17, 2024
Убакыт: 13:16
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кыргызстан менен Тажикстан чек ара боюнча кезектеги протоколго кол койду

17.07.2021 14:59
1554
Кыргызстан менен Тажикстан чек ара боюнча кезектеги протоколго кол койду

Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу тобунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Талаптардын жетишилген макулдашууларына ылайык, 2021-жылдын 12-17-июлунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуу жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлду.

Тараптар кезектеги жолугушууну Тажикстан Республикасынын аймагында өткөрүүнү макулдашты.

Жолугушуу достук жана өз-ара түшүнүшүү маанайында өттү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн