Жетинин айы 27, 2024
Убакыт: 09:23
USD
86.65
87.15
EUR
90.50
91.50
RUB
0.815
0.860

Кыргызстан менен Тажикстан чек араны тактоодо 1924-27-жылдардагы документке таянат

06.05.2021 10:19
964
Кыргызстан менен Тажикстан чек араны тактоодо 1924-27-жылдардагы документке таянат

Тажикстандын «Ховар» улуттук жаңылыктар агенттиги чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттүк делегацияларынын 1-2-майдагы жолугушуусунан кийинки биргелешкен билдирүүсүн жарыялады.


Ага ылайык, тараптар Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жолду биргелешип курууну макулдашты. Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтөөрү айтылган автожолду тажик тарап колдонот жана анын абалын карап туруу милдетин өзүнө алат.


«Ховардын» маалыматына ылайык, мындай чечим Тажикстандын жарандарынын жана алардын автоунааларынын тоскоолдуксуз кыймылын камсыз кылуу үчүн кабыл алынган. Бул жолдун курулушу Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасынын тактоо иштери жыйынтыкталганга чейин башталышы керек.


«Автожолдун макамы эки өлкөнүн өзүнчө мамлекеттик макулдашуусу менен аныкталат. Автожолдун курулушун тез баштоо үчүн топографиялык жумушчу топторго 2021-жылдын 1-июнуна чейин Баткен району пайдаланган жер тилкелеринде изилдөө иштерин долбоорлоо уюмдары менен биргелешип жүргүзүү тапшырмасы берилди», — деп айтылат тажик тараптын расмий маалыматында.


Ошондой эле тараптар Ворухтун чегин тактоо ишине дал ушул «Кожалы (Хожаи Аъло) — Ворух» жолунун курулушу бүткөндөн кийин киришүүнү макулдашкан.


Кыргызстандын бийлиги Тажикстандын бул расмий билдирүүсү жана «Кожалы-Ворух» жолун куруу макулдашуусу тууралуу маалымат бере элек. 2-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы, чек араны тактоо боюнча комиссияны жетектеген Камчыбек Ташиев Баткендин Максат айылында жергиликтүү эл менен жолугушканда 9-майга чейин кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги 112 чакырымды чийип,  тактап чыгуу тапшырмасы берилгенин билдирген.


Тажикстандын «Ховар» агенттиги жазгандай, эки тарап №43 — №61, №135 — №141 чек ара чекиттеринин долбоордук тилкесин чийип чыгууну, ал үчүн 1924-1927-жылдардагы улуттук-аймактык чек бөлүүнүн, 1989-жылдагы паритеттик комиссиянын документтерин колдонууну макулдашкан.


Ошондой эле эки өлкөнүн топографиялык жумушчу топторуна 5-майдан 9-майга чейин жогорудагы чек ара тилкелерин тактап, жазуу тапшырмасы берилген. Муну менен кошо жумушчу топтор 17-майга чейин Кыргызстандын Лейлек районунун Максат, Кулунду, Баткен районунун Көк-Таш, Көк-Терек, Ак-Сай айылдарындагы жана Тажикстандын Овчи Калача, Чорку, Сомониён, Ходжаи Аъло аймактарындагы участоктордо топографиялык иштерди башташы керек.


Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт. Анын 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу жер тилкеси болуп саналат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн