Бугу 11, 2024
Убакыт: 12:55
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Кыргызстан менен Тажикстан чек аранын дагы 10,76 чакырым тилкесин макулдашты

17.03.2024 15:25
173
Кыргызстан менен Тажикстан чек аранын дагы 10,76 чакырым тилкесин макулдашты


Кыргызстан менен Тажикстан чек аранын дагы 10,76 чакырым тилкесин макулдашты. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.


Эки өлкөнүн топографиялык жана жумушчу топторунун жолугушуусу коңшу өлкөнүн Бустон шаарында 12-17-март күндөрү Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жетекчилиги аствнда өткөн


Тараптар чек араны тактоо иштерин улантууда, кийинки жолугушуу Кыргызстандын аймагында болот.


Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 972 чакырым. Өткөн жылдын августундагы маалымат боюнча чек аранын тактала элек бөлүгү 290 чакырым болчу. Андан бери макулдашылган тилкелер 200 чакырымдан ашып калды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн