Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 14:41
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыргызстан менен Тажикстан чек арасын үчүнчү өлкөсүз чечүүгө даяр

15.02.2022 13:20
1085
Кыргызстан менен Тажикстан чек арасын үчүнчү өлкөсүз чечүүгө даяр

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйынында билдирди.


Анын айтымында, Садыр Жапаров Кытайга болгон иш сапарында тажик президенти менен бирге эки өлкөнүн тышкы иштер министрине сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тапшырмасын берген.


"Чек аранын канчасы чечилди, канчасы чечиле элек мен так айта албайм. Эки өлкөнүн президенти чек ара толук чечилди деп кол койгондо чек ара маселеси жаралбайт.

Бир жумадан бери сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эки өлкө чек арасын чечүүдө үчүнчү өлкөгө муктаж эмес",- деди Акылбек Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн