Бугу 02, 2024
Убакыт: 12:31
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек аранын 102 чакырым долбоорун макулдашты

02.06.2023 16:38
452
Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек аранын 102 чакырым долбоорун макулдашты


Акыркы бир жарым жыл ичинде Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек аранын 102 чакырым долбоордук сызыгын макулдашты. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн президентинин басма сөз кызматы билдирди.


Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 950 чакырымдан ашык экени такталган. Маалым болгондой, учурда тараптар жалпысынан 626 километрге жакын участоктун долбоорун бүтүрүшкөн.


Мурдараак маалымдалгандай, Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү натыйжалуу улантууну колдошот.


Эске салсак, президенттердин эки тараптуу жолугушуусу Чолпон-Атада Европа Биримдиги-Борбор Азия саммитинин алкагында өткөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн