Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 02:16
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек аранын 13,98 чакырымы боюнча макулдашты

18.10.2023 20:23
368
Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек аранын 13,98 чакырымы боюнча макулдашты


Жетишилген макулдашууга ылайык, 2023-жылдын 12-октябрынан 18-октябрына чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу Согди облусунун Бустон шаарында өттү.

КР министрлер кабинетинен билдиришкендей, топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 13,98 чакырымы боюнча макулдашты.

Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактар боюнча тиешелүү ишти улантат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн