Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 02:27
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Кыргызстан менен Тажикстан жаңы жылга чейин чек ара маселелерин чечүүнү пландоодо

03.11.2023 12:40
363
Кыргызстан менен Тажикстан жаңы жылга чейин чек ара маселелерин чечүүнү пландоодо

Кыргызстан менен Тажикстан жаңы жылга чейин чек ара маселелерин чечүүнү пландоодо. Бул тууралуу “Жакырчылык жана теңсиздик” улуттук өнүктүрүү форумунда министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.

Ал быйыл Өзбекстан менен чек араны делимитациялоо иштери толугу менен аяктаганын эске салды.

«Биз Кыргызстан менен Тажикстандын президенттеринин тапшырмаларынын үстүндө иштеп жатабыз, жаңы жылга чейин чек ара маселеси чечилди деп кабарлашыбыз керек», - деди Акылбек Жапаров.

Эске салсак, октябрь айында Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчилери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча протоколго кол коюшкан. Камчыбек Ташиевдин айтымында, документ эки тараптын макулдашуусу менен кол коюлган жана бардык чек ара маселелерин чечүүгө негиз берет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн