Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 07:08
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Кыргызстан менен Тажикстандын башкы прокурорлору эки өлкөдө эркинен ажыратылган жарандарды мекенине кайтарууну сүйлөштү

27.05.2022 19:38
805
Кыргызстан менен Тажикстандын башкы прокурорлору эки өлкөдө эркинен ажыратылган жарандарды мекенине кайтарууну сүйлөштү

2022-жылдын 27-май күнү Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т. Зулушев Тажикстан Республикасынын Башкы прокурору Ю.А. Рахмон менен Баткен шаарында жолугушту. 


Иш-чарага коңшулаш эки өлкөнүн көзөмөл органдарынын тиешелүү түзүмдүк башкармалыктарынын жетекчилери, чектеш райондордун, шаарлардын жана областтардын прокурорлору катышты.


Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар эки тараптуу кызматташуунун алкагында жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, анын ичинде эркиндигинен ажыратылып соттолгон жарандарды өз мекенине мындан аркы жазасын өтөө үчүн өткөрүп берүү, ошондой эле чек арадагы чыр-чатактарды алдын-алуу жана болтурбоо маселелерин талкуулашты.


Тараптар Кыргызстан жана Тажикстан мүчө болгон көп тараптуу жана эки тараптуу макулдашуулардын алкагында ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү бекемдөө, эки мамлекеттин чектеш район-областтарынын прокурорлорунун ортосунда түздөн-түз жумушчу байланыштарды чыңдоо зарыл экендигин белгилешти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн