Теке 08, 2024
Убакыт: 07:27
USD
85.70
86.60
EUR
92.60
93.60
RUB
0.955
1.000

Кыргызстан менен Тажикстандын финансы министрлери кызматташтыкты талкуулады

05.07.2024 11:06
64
Кыргызстан менен Тажикстандын финансы министрлери кызматташтыкты талкуулады


Кыргыз стандын финансы министри Алмаз Бакетаев Тажикстандын финансы министри Файзиддин Каххорзод менен жолугушту.

КР Финансы министрлигинен маалымдашкандай, тараптардын жолугушуусу Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банктын шайлоо тобунун отурумуна катышуунун алкагында өттү.

Тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөө үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жана Кыргызстан менен Тажикстандын Финансы министрликтеринин ортосундагы каржы тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү үчүн колдо бар ресурстарды жана потенциалды натыйжалуу пайдалануу жолдорун талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча, тараптар Кыргызстан жана Тажикстандын Финансы министрликтеринин мындан ары эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоодо жана аймактардагы экономикалык шарттарды жана финансылык туруктуулукту жакшыртууга багытталган биргелешкен демилгелерди иштеп чыгууда активдүү өз ара аракеттенүүнү улантуу ниетин билдиришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн