Бугу 21, 2024
Убакыт: 07:46
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда кол коюлган протоколдо кандай келишимдер түзүлдү?

26.09.2022 07:49
1033
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда кол коюлган протоколдо кандай келишимдер түзүлдү?


 2022-жылдын 25-сентябрында "Кызыл-Бел-автожол" өткөрүү пунктунда Кыргызстан менен Тажикстандын компетенттүү органдарынын, Баткен облусунун (КР) жана Согди облусунун (РТ) башчыларынын, тараптардын чек ара кызматтарынын жетекчилеринин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу  Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы билдирет.


Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант К.Ташиев жана Тажикстан Республикасынын УКМКсынын төрагасы С.Ятимов чек ара аймактардагы кырдаалды турукташтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын делегацияларынын жолугушуусунун протоколуна кол коюшту. 


Тараптар "Тамдык" заставасынын (КР) жана "Бедак" заставасынын (ТР), "Булак-Башы" постунун (КР) жана "Кех" постунун (ТР), "Катта-Туз" постунун (КР) жана "Каракчикум" постунун (ТР), Чайхан жериндеги "Ак-Сай" постунун (КР) жана Ходжай-Аъло жеринде "Шаршара" постунун (РТ) аймактарында чек араны коргоонун ар кандай түзүмдүк бөлүктөрүн алып салууну жана мындан ары жайгаштырбоону макулдашты.  


Аталган бөлүктөрдүн имараттары жана курулмалары консервацияланат. 


Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын кайтаруу мобилдик чек ара күзөттөрү тарабынан ишке ашырылат, алар чек араны так белгиленген жана макулдашылган каттамдар боюнча жүрүшөт.  


Мындан тышкары, тараптар жаңжалдуу кырдаалдар көп болуп турган участокторго видеобайкоо камераларын орнотууну паритеттик негизде макулдашышты. 


Посттор коюлган участоктордо калк жашабай тургандыгын белгилей кетүү керек. 


Мында жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдары Кыргызстан жана Тажикстандын жарандары тарабынан мурда колдонулган Тамдык (КР) - Бедак (ТР), Булак-Башы (КР) жана Кех (ТР) жер участокторунда айыл чарба иштерин жүргүзүүнү камсыз кылышы керек. 


Протоколго ылайык, биргелешкен жумушчу топтун чек ара аймактарынан аскерлерди жана оор аскердик техниканы, кошумча күчтөрдү жана каражаттарды туруктуу жайгашкан жерлерге бөлүп берүү боюнча иши улантылат. 


Протоколго ылайык, аскерлерди жана оор аскердик техниканы, кошумча күчтөрдү жана каражаттарды чек ара аймактарынан туруктуу жайгашкан жерлерге чыгарып кетүү боюнча биргелешкен жумушчу топтун иши улантылат. 


2022-жылдын 25-сентябрында саат 21:00гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал туруктуу деп мүнөздөлөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн