Бугу 12, 2024
Убакыт: 22:53
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү

17.11.2023 13:22
309
Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү


Кыргызстандын жана Тажикстандын Өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу жетишилген макулдашууга ылайык, 2023-жылдын 11-ноябрынан 17-ноябрына чейин Кыргызстандын Баткен облусунун Баткен шаарында өткөн.

Топографиялык жумушчу топтор калган участоктордогу кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук сызыгын сыпаттоо маселесин талкуулашты жана бул ишти Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки отурумда улантууну чечишти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Жолугушуу өз ара түшүнүшүүнүн жана достуктун алкагында өттү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн