Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:41
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Кыргызстан менен Түрк кеңеши гуманитардык жардам көрсөтүү маселелерин карады

15.07.2020 12:02
1110
Кыргызстан менен Түрк кеңеши гуманитардык жардам көрсөтүү маселелерин карады


Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбековдун Түрк кеңешинин Башкы катчысы Б.Амреев менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.


Министр менен Башкы катчы коронавирустук инфекциясынын мындан ары жайылышына каршы күрөшүү жана COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин жеңүү боюнча Кыргызстандагы жана Түрк кеңешинин башка мүчө-мамлекеттериндеги учурдагы абалды, ошондой эле түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча улантылып жаткан күч-аракеттерди талкуулашты.


Тараптар коомдук саламаттыкты сактоо жана социалдык-экономикалык чөйрөнү калыбына келтирүү боюнча түрк мамлекеттери тарабынан көрүлүп жаткан чаралардын натыйжалуулугуна ишеним билдиришти.


​Мындан тышкары, Түрк кеңешинин күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн