20-майда Кыргызстандын коргоо министри Таалайбек Өмүралиев менен Түркиянын Кыргызстандагы жаңы элчиси Ахмет Садык Доган менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аскер чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана андан аркы келечеги жөнүндө пикир алышты.
Ошондой эле, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтык жаатында болгон потенциалды түзүү зарылдыгы белгиленди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн