Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин дин иштери боюнча кеңешчиси Салих Сезик менен жолугушту.
Мамлекеттик комиссиядан билдиришкендей, жолугушуу учурунда тараптар эки өлкөнүн көп жылдык достугуна токтолуп, диний чөйрөдө тажрыйба алмашуу боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүүнүн зарылдыгын белгилешти.
Жолугушуунун аягында тараптар диний чөйрөдөгү маселелерди чечүүдө өз ара кызматташтыкты күчөтүү боюнча макулдашышты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн