Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 23:52
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Кыргызстан менен Түркия соода көлөмүн 1 млрд долларга чыгарууга ниеттенүүдө

10.09.2021 12:40
1504
Кыргызстан менен Түркия соода көлөмүн 1 млрд долларга чыгарууга ниеттенүүдө

КР министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өлкөгө Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмесине катышуу үчүн келген Түркия Республикасынын вице-президенти Фуат Октай менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.


«Кыргыз Республикасы Түркия Республикасын стратегиялык өнөктөш катары карайт, бизди тилибиз, динибиз, бир туугандык жана достук мамилелерге негизделген байыркы тарыхый-маданий байланыштарыбыз бириктирип турат. Үстүбүздөгү жылы эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгына 30 жыл толот. Биз түрк тарапка бул мезгилде көрсөтүлгөн ар тараптуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз. Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмеси ийгиликтүү өтөөрүнө жана биз жакшы натыйжаларга жетишээрибизге ишенем», – деди Улукбек Марипов.


Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, Түркия республикабыздын бирден-бир ири соода-экономикалык өнөктөшү болуп саналат.


«Менин пикиримде, биздин өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү деңгээлин 1 млрд АКШ долларына жеткирүү үчүн күч-аракетти жумшоо зарыл. Келечектүү орто жана чакан долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестициялык фонд түзүүнү сунуштайбыз», – деди ал.


Улукбек Марипов ошондой эле социалдык-гуманитардык тармактагы кызматташтыктын өнүгүп жаткандыгын белгиледи.


Ал Түркия Республикасынын өкмөтүнө коронавирус инфекциясы пандемиясынын кесепеттерин жоюуда көрсөтүлүп жаткан көмөгү жана жакын арада берилген 150 миң доза вакцинасы үчүн ыраазычылык билдирди. Мындан тышкары, Бишкек шаарында кыргыз-түрк ооруканасы иштеп жатат, ал боюнча келишим алкагында медициналык адистердин квалификациясын жогорулатууга колдоо көрсөтүлөт.


Өз кезегинде Түркия Республикасынын вице-президенти Фуат Октай жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу мамилелердин ар кыл багыттарда ырааттуу өнүгүп жаткандыгын белгиледи.


«Кыргыз Республикасы биз үчүн стратегиялык өнөктөш болуп саналат, биз бир тууган элбиз. Биздин өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү көлөмүн 1 млрд АКШ долларына чейин жеткирүү максаты бар жана биз келечекте кызматташтыкты чыңдоо үчүн күч-аракет жумшоого, анын ичинде Кыргыз Республикасына инвестиция тартууга даярбыз», – деди ал жана өз-ара кызыкчылык туудурган жана социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүккө ээ болгон тармактарда стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн кошумчалады.


Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча, анын ичинде медициналык багыттагы түрк университеттеринде кыргыз студенттерин окутууга квоталардын бөлүнүшү, Түркия Республикасынын ооруканаларында акысыз негизде 150 кыргызстандыкты дарылоо үчүн ар жылкы квоталарды берүүнү жаңыртуу, эки өлкө жарандарынын республикалардын аймагында жүрүү мөөнөтүн узартуу, ошондой эле эмгек ишмердүүлүгү үчүн уруксат берүүчү документтердин наркын паритеттик негизде төмөндөтүү маселеси боюнча пикир алмашуу болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн