Бугу 12, 2024
Убакыт: 06:17
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Кыргызстан менен Түркия соода көлөмүн 2 млрд долларга чыгарууга ниеттенүүдө

02.02.2023 16:23
190
Кыргызстан менен Түркия соода көлөмүн 2 млрд долларга чыгарууга ниеттенүүдө

Анкара шаарында Кыргызстан жана Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүүнү 2 млрд долларга чейин көбөйтүү талкууланды.


КР ТИМден билдиришкендей, маселе Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев менен Түркиянын Соода палаталары жана товардык биржалар биримдигинин президенти Рифат Хисаржыклыоглунун жолугушуусунда талкууланды.


Ошондой эле тараптар соода үйлөрүн ачуу жана эки өлкөнүн ишкерлеринин байланыштарын бизнес-форумдар жана бизнес жолугушуулар аркылуу түзүүгө көмөк көрсөтүү боюнча пикир алмашты.


Мындан тышкары, эки өлкөнүн палаталарынын ортосунда тажрыйба алмашуу жана палатаны реформалоонун алкагында КР Соода-өнөр жай палатасынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу программасын уюштуруу боюнча макулдашууга жетишилди.


Белгилей кетсек, КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Түркиянын Соода палаталары жана товардык биржалар биримдигинин президенти Рифат Хисаржыклыоглунун чакыруусу боюнча Анкара шаарында иш сапары менен болду.


Иш сапардын алкагында Темир Сариев Измирдеги "AGRO EXPO 2023" эл аралык айыл чарба, багбанчылык жана мал чарба көргөзмөсүнө катышып, иш чөйрөлөр менен жолугушууларды өткөрдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн