Бугу 16, 2024
Убакыт: 16:14
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Кыргызстан менен Түркиянын парламент төрагалары телефон аркылуу сүйлөштү

04.08.2020 15:11
1249
Кыргызстан менен Түркиянын парламент төрагалары телефон аркылуу сүйлөштү

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Түркиянын Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.


Парламент жетекчилери бири-бирин бардык мусулмандар үчүн ыйык болгон Курман айт майрамы менен куттукташып, Кыргызстан менен Түркиянын бир тууган элдерине жакшылык, бакыт–таалай жана жыргал турмуш каалашты.


Дастанбек Жумабеков коронавирус пандемиясы учурунда кыргыз элине көрсөткөн гуманитардык жардамы үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарынын, республиканын жалпы жарандарынын, жеке өзүнүн атынан Түркия тарапка ыраазычылык билдирди.


Маектешүү учурунда тараптар кыргыз-түрк мамилелеринин жана парламенттер аралык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Тараптар COVID-19 ааламдык пандемиясынын шартында тыгыз кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилешти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн