Бугу 20, 2024
Убакыт: 09:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Кыргызстан менен Венгрия банк тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

15.11.2023 15:37
838
Кыргызстан менен Венгрия банк тармагындагы кызматташтыкты талкуулады


Күн мурун Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Манас Жакыпов менен Венгриянын эки тараптуу мамилелер боюнча Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик катчысы Тамаш Менцер баштаган Венгрия өкмөтүнүн делегациясы ортосунда жолугушуу болуп өттү.

КР УБнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда банк тармагында эки тараптуу кызматташуу жана Кыргызстандын финансы рыногун өнүктүрүү боюнча өз ара иш алып баруу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, жолугушууда тараптар дүйнөлүк экономикадагы кырдаал тууралуу пикир алмашышты. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан учурда өлкөдөгү макроэкономикалык жагдай жөнүндө, атап айтканда, Кыргызстанда акча-кредит саясаты, банк иши, төлөм системалары боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө кеңири маалымат берилди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары өз ара пайдалуу кызматташууга даярдыгын билдиришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн