Бугу 02, 2024
Убакыт: 10:24
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда эки тараптуу илимий изилдөөлөр жүргүзүлөт

02.10.2020 20:00
1068
Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда эки тараптуу илимий изилдөөлөр жүргүзүлөт


Президент Сооронбай Жээнбековдун 28-29-сентябрь күндөрү Венгрияга болгон расмий иш-сапарынын алкагында Венгрия өлкөсү менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн макулдашууга ылайык, жакынкы жылдары генетика, тарых, археология, искусство, маданият жаатында эки тараптуу илимий изилдөөлөр жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим бер жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, эки тараптуу кызматташуунун шарттарына ылайык, Кыргызстанда венгер таануу институтун ачуу пландалып жатат. Ал эми Венгрияда залкар жазуучу Ч. Айтматовдун аты ыйгарылган сейил бакка анын айкели орнотулат. Венгрия өлкөсүндө улуу инсандын аты кеңири белгилүү  жана “Ак кеме”, “Гүлсарат”, “Биринчи мугалим”, “Жамиля” повестери, “Кыямат”, “Тоолор кулаганда” романдары эң көп окулган адабий  чыгармалардын катарына кирет.


Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жана  Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто билим берүү жана илим жаатында эки тараптуу келишимге кол коюшкан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн