Жетинин айы 08, 2025
Убакыт: 13:20
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.080
1.110

Кыргызстан менен Вьетнамдын өкмөт башчыларынын жолугушуусунун расмий аземи өттү

06.03.2025 09:57
274
Кыргызстан менен Вьетнамдын өкмөт башчыларынын жолугушуусунун расмий аземи өттү


Вьетнамдын Ханой шаарындагы Президенттик сарайда өлкөгө расмий сапар менен келген Кыргызстандыгн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Вьетнамдын премьер-министри Фам Минь Тинь менен жолугушуусунун расмий аземи болуп өттү.


Эки өлкөнүн улуттук гимндери жаңырды. Өкмөт башчылары ардактуу кароолду кыдырып, бири-бирине расмий делегациялардын мүчөлөрүн тааныштырышты.


Андан соң министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Вьетнамдын премьер-министри Фам Минь Тинь менен эки тараптуу жолугушуусу болду.


Жолугушуунун алдында делегация башчыларынын биргелешкен сүрөткө түшүү аземи болуп өттү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн