Кыргызстандын юстиция министринин орун басары Алмазбек Зарылбек уулу Япониянын Юстиция министрлигинин эл аралык кызматташтык департаментинин директору Мацумото Такеши менен жолугушуу өткөрдү.
Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуу Япониянын Юстиция министрлигинин делегациясынын таанышуу визитинин алкагында өттү.
Жолугушууда Алмазбек Зарылбек уулу юстиция тутумун санариптештирүү жаатындагы аракеттерге өзгөчө көңүл буруп, министрликтин учурдагы ишмердүүлүгү жана реформалары менен тааныштырды. Ал ошондой эле жазык-аткаруу тутумунун (пробация) бөлүгү катары электрондук билериктерди колдонуу менен "электрондук байкоо" жана жаңы бөгөт коюу чарасы киргизүү маселелерин талкуулады.
Тараптар өз ара ишмердүүлүктү улантууга жана тажрыйба алмашууга багытталган практикалык иш-чараларды өткөрүү аркылуу ведомстволор аралык мамилелерди тереңдетүүгө жана бекемдөөгө ниеттерин билдиришти.
Жолугушуунун соңунда тараптар ар түрдүү чектеш тармактарда тажрыйба алмашуу максатында, эки өлкөнүн Юстиция министрликтеринин ортосундагы кызматташуу программасына кол коюу үчүн иш-чараларды даярдоого байланыштуу маселелерди иштеп чыгууну макулдашты.
Эки күндүк визиттин жүрүшүндө Япониянын Юстиция министрлигинин делегациясы Кыргызстандын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментине, Жазаларды аткаруу кызматына жана түзөтүү мекемелерине барышты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн