Кулжа 26, 2024
Убакыт: 11:59
USD
86.40
87.30
EUR
92.30
93.30
RUB
0.960
1.000

Кыргызстан менен кайсы мамлекеттер ортосунда жаңы аба каттамы ачылды?

29.03.2021 16:04
574
Кыргызстан менен кайсы мамлекеттер ортосунда жаңы аба каттамы ачылды?

Кыргызстандан жети өлкөгө туруктуу авиакаттамдар ачылып, кээ бирлеринин саны көбөйтүлдү. Бул туурасында "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.


Жазгы-жайкы сезондун ачылышына байланыштуу каттамдар 28-марттан тарта көбөйтүлөт:


Түркия

Turkish Airlines:


Стамбул — Бишкек — Стамбул, жумасына 12 жолу;

Pegasus:


Стамбул — Бишкек — Стамбул, жумасына 14 жолу;

Анталья — Бишкек — Анталья, жумасына үч жолу.

Кыргызстандын Avia Traffic компаниясы:


Стамбул — Бишкек — Стамбул, жумасына 2 жолу;

Анталья — Бишкек — Анталья, жумасына үч жолу.


Казакстан

Air Astana:


Алматы — Бишкек — Алматы, жумасына 10 жолу.


Бириккен Араб Эмираттары

Fly Dubai:


Дубай — Бишкек — Дубай, жумасына жети жолу (майда дагы жумасына жети рейс кошулары күтүлүүдө).


Өзбекстан

Uzbekistan Airways:


Ташкент — Бишкек — Ташкент, жумасына үч жолу.

Кытай

China Southern Airlines:


Үрүмчү — Бишкек — Үрүмчү, жумасына жети жолу.


Индия:

Avia Traffic:


Бишкек — Дели — Бишкек, жумасына үч жолу.


Россия

Avia Traffic компаниясы:


Бишкек — Воронеж — Бишкек, жумасына бир жолу;

Бишкек — Грозный — Бишкек, жумасына бир жолу;

Бишкек — Иркутск — Бишкек, жумасына бир жолу;

Бишкек – Казань – Бишкек, жумасына бир жолу;

Бишкек — Краснодар — Бишкек, жумасына бир жолу;

Бишкек — Красноярск — Бишкек, жумасына эки жолу;

Бишкек — Новосибирск — Бишкек, жумасына үч жолу;

Бишкек — Санкт-Петербург — Бишкек, жумасына үч жолу;

Бишкек — Сургут — Бишкек, жумасына бир жолу.


Мындан сырткары, Avia Traffic жана Tezjet авиакомпаниялары ички каттамдарды көбөйтөрү пландалууда.


Avia Traffic:


Бишкек — Ош — Бишкек, жумасына жети жолу.

Tezjet:


Бишкек — Баткен — Бишкек, жумасына төрт жолу;

Бишкек — Жалал-Абад — Бишкек, жумасына жети жолу;

Бишкек — Исфана — Бишкек, жумасына жети жолу;

Бишкек — Ош — Бишкек, жумасына 25 жолу.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн