Бугу 03, 2024
Убакыт: 02:20
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Кыргызстан менен Өзбекстан Чаткал ГЭС каскадын куруу маселесин талкуулашты

16.08.2023 15:49
515
Кыргызстан менен Өзбекстан Чаткал ГЭС каскадын куруу маселесин талкуулашты


Бүгүн, 16-августта Чолпон-Ата шаарында тар жана кеңейтилген курамда Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын 10-жыйыны болуп өттү.


Жыйынды Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жана Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов алып барышты.


Президенттик аппараттын басма сөз кызматы тартуулаган сүрөттөргө караганда, өкмөт башчылары Чаткал ГЭСтер каскадын куруу долбоорун талкуулашты.


Картада эки ГЭСтин долбоорлору көрсөтүлгөн. Кыязы, кеп кубаттуулугу 700 МВт болгон Баркрау ГЭСинин жана 1100 МВт Нижне-Чаткал ГЭСинин курулушу женунде болуп жатат.


2023-жылдын 27-январында Бишкек шаарында Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын энергетика министрликтеринин ортосундагы Чаткал ГЭСтер каскадынын курулушун ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрүн биргелешип изилдөө боюнча меморандумга кол коюлган.


Белгилей кетсек, 4-августтагы токтому менен министрлер кабинети Чаткал дарыясына ГЭСтер каскадын куруу маселесин иликтөө боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн