Бугу 09, 2024
Убакыт: 20:39
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Кыргызстан менен Өзбекстан биргеликте автоунаа чыгарууну пландоодо

17.10.2022 10:45
473
Кыргызстан менен Өзбекстан биргеликте автоунаа чыгарууну пландоодо

Кыргызстан менен Өзбекстан биргелешип айыл чарба техникаларын жана автоунаа чыгарууну пландоодо. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаевдин Өзбекстандын вице-премьер-министри – инвестиция жана тышкы соода министри Жамшид Ходжаев менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду, деп билдирет өзбек ведомствосунан.


Маалыматка ылайык, тараптар өнөр жай кооперациясынын жаңы келечектүү биргелешкен долбоорлорун иштеп чыгуу, соода келишимдерин түзүү, эки тараптуу кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын 10-отурумун жана Бишкек шаарында эки өлкөнүн аймактарынын башчыларынын катышуусунда бизнес-форум өткөрүү үчүн Өзбекстандын өкмөттүк делегациясынын сапарын уюштурууну талкуулашты.

Мындан тышкары, тараптар эки өлкөнүн аймактарында даяр текстиль, фармацевтика, курулуш жана айыл чарба продукцияларын өндүрүү боюнча биргелешкен долбоорлордун санын көбөйтүүнү макулдашты.

Жолугушууда Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фонду буга чейин шаардык транспорт тармагындагы 1 млн 850 миң долларлык долбоорду каржылай баштаганы айтылып, фонддун каражатын тартуу менен жип ийрүүчү ишкана түзүү долбоорун каржылоону иштеп чыгуу жана Кыргызстанда алгачкы травертинди кайра иштетүү боюнча долбоорду биргелешип ишке ашыруу келишимине жетишилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн