Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:49
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган жашыруун 270 метрлик тоннель аныкталды

23.05.2022 21:31
961
Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган жашыруун 270 метрлик тоннель аныкталды

 Кыргыз Республикасын Өзбекстан Республикасы менен байланыштырган жер астынан өтүүчү жол табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

      

 КР УКМК тарабынан үстүбүздөгү жылдын 20-майында Кара-Суу районунун Тельман айылында жүргүзүлгөн “Тинтүү” ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасын Өзбекстан Республикасы менен жер асты аркылуу байланыштырган тоннель табылган. 


 Маалым болгондой, бул тоннелдин тереңдиги 15 метр бийиктикте, туннелге кире бериш жери 1,8 метр, туурасы 1,5 метрге жакын, кире бериштен чек ара сызыгына чейин 40 метр, тоннелдин кире беришинен чыгуусуна чейинки аралык 270 метрди түзөт. 


 Ошол эле учурда жогорудагы жер астынан өтүүчү жолдун табылган аймактын ээси М.А.М. карата, ал адам учурда Жалал-Абад областынына караштуу Кызыл-Жар психиатриялык бөлүмүндө жаткандыктан, акыл-эсин аныктоого кайрадан экспертиза өткөрүү пландаштырылууда.

 

Учурда кылмышка тийешелүү заттарды алуу иштери жүрүп жатат.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн