Бугу 11, 2024
Убакыт: 11:06
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Кыргызстан менен Өзбекстандын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөшүштү

14.07.2022 09:50
490
Кыргызстан менен Өзбекстандын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөшүштү


Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы Жээнбек Кулубаев Өзбекстандын тышкы иштер министринин м.а. Владимир Норов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, маектин жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары кыргыз-өзбек мамилелеринин күн тартибиндеги актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле Кулубаев менен Норов эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашышкан.

"Алдыда боло турган тышкы саясий иш-чараларга, БА жана ШКУ ТИМК, анын ичинде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин үстүбүздөгү жылдын 21-июлунда Чолпон-Ата шаарында боло турган Борбордук Азия мамлекет башчыларынын 4-консультативдик жолугушуусуна катышуусу, ошондой эле эң жогорку деңгээлдеги иш сапардын уюштурулушу боюнча сааттарды тууралашты", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн