Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 06:53
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргызстан менен Өзбекстандын борбордук банктарынын ортосундагы кызматташуу талкууланды

19.05.2023 10:11
521
Кыргызстан менен Өзбекстандын борбордук банктарынын ортосундагы кызматташуу талкууланды

Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев менен Өзбекстандын Борбордук банкынын төрагасы Мамаризо Нурмуратов ортосунда эки тараптуу жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу КР УБнын маалымат кызматынан билдиришти.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстанда жана Өзбекстанда учурда орун алып жаткан экономикалык жагдайды, эки өлкөнүн борбордук банктарынын акча-кредит саясатын жана мындан ары да кызматташуу келечегин талкуулашты.


Кубанычбек Бөкөнтаев региондо интеграциялык процесстердин алкагында өз ара иш алып баруунун маанилүүлүгүн белгиледи.


Өз кезегинде Мамаризо Нурмуратов КР Улуттук банкын юбилейлик дата - улуттук валюта - сомдун жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгы менен куттуктап, Улуттук банкка макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу ишинде ийгиликтерди каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн