Баш оона 22, 2025
Убакыт: 02:58
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Кыргызстан менен Өзбекстандын борборлору кызматташат

23.09.2020 20:01
968
Кыргызстан менен Өзбекстандын борборлору кызматташат


Бишкек жана Ташкент соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармакта кызматташуу жөнүндө келишимди ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына кол коет. Бул тууралуу мэр Азиз Суракматов менен Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидовдун жолугушуусунда маалым болду.

Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, тараптар соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташууга жана эки коңшу өлкөнүн шаарларынын ортосунда карым-катнашты түзүүгө кызыктар экендигин билдиришти.

Мэр элчини дайындалышы менен куттуктап, мындан ары жемиштүү кызматташууга ишеним билдирди.

Эскерте кетсек, 1993-жылы 4-сентябрда Бишкек шаарынын администрациясы жана Бухара шаарынын хокимияты ортосунда кызматташуу жөнүндө, Бишкек шаары жана Самарканд областы ортосунда экономикалык жана маданий кызматташуу боюнча келишимге кол коюлган.

1996-2017-жылдары Бишкек шаарынын мэриясы жана Ташкент шаарынын хокимияты ортосунда экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык тармакта кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлган. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн