Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:34
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо боюнча делегациянын сүйлөшүүсү өтүүдө

09.08.2022 11:52
436
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо боюнча делегациянын сүйлөшүүсү өтүүдө

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүсү 9-августта Чолпон-Ата шаарында башталды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев билдирди. Анын айтымында, жолугушууда эки өлкө ортосундагы тактала элек аймактар боюнча сүйлөшүү улантылат.


"Эки өлкө ортосундагы чек аранын 1170 чакырымы такталып, келишимге кирген. Калган аймактарды чечүү боюнча жолугушуу болот. Өзбекстан менен чек араны быйыл тактап бүтөлү деп аракет кылып жатабыз",-деди Бөрүбаев.


Эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрүнүн Ысык-Көлдөгү жолугушуусу 17-августка чейин уланат.


Булак: "Азаттык"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн