Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 08:27
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүүнү 2 млрд долларга жеткирүү боюнча жумушчу топ түзүлдү

09.09.2024 11:40
810
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүүнү 2 млрд долларга жеткирүү боюнча  жумушчу топ түзүлдү


Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүүнү 2 млрд долларга жеткирүү боюнча аткарыла турган иштер аныкталып, жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ташкент шаарында Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Жамшид Ходжаев менен жолугушканда белгилүү болду.

Ведомстводон билдиришкендей, Бакыт Төрөбаев Өзбекстандын айыл чарба министри Иброхим Абдурахмонов менен жолугушуу өткөрүп, Кыргызстандын айыл чарба продукциясын Өзбекстанга экспорттоо жолдорун талкуулашты.

Маалыматтар боюнча, учурда коңшу мамлекетке көбүнесе сүт, бал, балык, жүгөрү, картошка, эт азыктары сыяктуу бир катар продукциялар экспорттолот.

Белгиленгендей, министрликтин аракети менен бүгүнкү күндө картошка Өзбекстандын Андижан, Карши, Фергана жана башка шаарларынын базарларына эч тоскоолдуксуз сатылууда. Эми башка азыктарды да коңшу өлкөгө чоң көлөмдө экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнү 2 млрд долларга жеткирүү боюнча ушул жылдын июль айында президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик иш сапары учурунда мерчемделген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн