Чын курандын 07, 2025
Убакыт: 15:52
USD
86.80
87.30
EUR
95.10
96.10
RUB
0.990
1.040

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу сүйлөшүлдү

25.08.2023 17:03
480
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу сүйлөшүлдү


Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстандын тышкы иштер министринин орун басары Бобур Усманов менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2023-жылдын 15-16-августунда Чолпон-Ата шаарында болуп өткөн өкмөттөр аралык комиссиянын 10-жыйынын канааттануу менен белгилешти жана жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу зарылдыгын талкуулашты.

Мындан тышкары, тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгынын учурдагы маселелерин жана келечектүү багыттарын талкуулашты.

Тараптар ошондой эле үстүбүздөгү жылдын аягына чейин жогорку деңгээлде пландаштырылган бир катар иш-чараларды ийгиликтүү өткөрүү үчүн күч-аракеттерди жумшоону макулдашты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн