Чын курандын 22, 2025
Убакыт: 14:26
USD
86.90
87.40
EUR
99.70
100.70
RUB
1.055
1.095

Кыргызстан президенти менен Бахрейн падышасынын сүйлөшүүлөрү. Бир катар документке кол коюлду

22.04.2025 09:08
21
Кыргызстан президенти менен Бахрейн падышасынын сүйлөшүүлөрү. Бир катар документке кол коюлду


Бүгүн, 21-апрелде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Бахрейнге расмий сапарынын алкагында Бахрейн падышасы Хамад бин Иса Аль Халифа менен сүйлөшүүлөр жүрүп, анын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду:


- Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин жана Бахрейн Падышалыгынын өкмөтүнүн ортосундагы Дене тарбия жана спорт тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум


- Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин жана Бахрейн Падышалыгынын өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнаштары жөнүндө макулдашуу


- Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин жана Бахрейн Падышалыгынын өкмөтүнүн ортосундагы Экономикалык кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум


- Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин жана Бахрейн Падышалыгынын өкмөтүнүн ортосундагы Саламаттык сактоо тармагындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум


- Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин жана Бахрейн Падышалыгынын өкмөтүнүн ортосундагы Маданият тармагындагы кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум


- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин жана Бахрейн Падышалыгынын Жаштар иштери боюнча министрлигинин ортосундагы Жаштар саясаты жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум


- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жана Бахрейн Падышалыгынын Юстиция, ислам иштери жана вакфтар министрлигинин ортосундагы Юстиция жана сот адилеттиги тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум


- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин жана Бахрейн Падышалыгынын Юстиция, ислам иштери жана вакфтар министрлигинин ортосундагы Дин чөйрөсүндө кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум


- Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын жана Бахрейн Падышалыгынын Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн