21-июнда Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Дары-дармек жана медициналык жабдуу департаменти Россиянын бир компоненттүү "Спутник Лайт" вакцинасын каттады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Бир компоненттүү "Спутник Лайт" вакцинасынын эффективдүүлүгү эмдөөнүн 28 күнүнөн тарта 79,4 пайызга жетет. Бул учурда текшерилгендердин 96.6 пайызында IgG антителосу, 91,67 пайызында вирусту алсыздандыра турган антитело пайда болору аныкталды. 80 пайыз учурда анын таасири эки компоненттүү вакциналардан дагы күчтүү экени белгилүү болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн