Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 21:17
USD
87.00
87.50
EUR
95.20
96.20
RUB
1.000
1.050

Кыргызстан "алыш" күрөшүнүн эркин түрү боюнча 10 медаль жеңди

02.10.2022 13:58
1039
Кыргызстан "алыш" күрөшүнүн эркин түрү боюнча 10 медаль жеңди

Кыргызстандын "алыш" күрөшүнүн эркин түрү боюнча улуттук курама командасы 5 алтын, 2 күмүш жана 3 коло жеңди.


Кыздар арасында 55 кг салмакта Элзада Момунжанова, 65 кг салмак даражада Нурзада Мыктыбек кызы, 70 кг салмакта Нурзат Бактыяр кызы жана 75 кг салмактан жогоркулар арасында Нагира Сарбашева, эркектер арасында 60 кг салмакта Калысбек Каимов алтын байгенин ээлери болушту.


80 кг салмак даражада Азизхан Мусабек уулу, 100 кг жогоркулар арасында Кадыр Келсинбеков күмүш медаль жеңди.


Ошондой эле, 70 кг салмакта Касымбек Анарбаев, 90 кг салмак даражада Нурсултан Бочонов, 100 кг салмакта Исламбек Алик уулу коло байге алышты.


Белгилей кетсек, буга чейин алыштын классикалык түрү боюнча беттештер өтүп анда спортчулар 9 медаль жеңген. Жалпы “Алыш” бел боо күрөшү боюнча Кыргызстан курама командасы 19 медаль жеңди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн