Бугу 13, 2024
Убакыт: 22:55
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Кыргызстан рактан көз жумгандардын саны боюнча Борбор Азияда 1-орунда

07.02.2024 10:18
156
Кыргызстан рактан көз жумгандардын саны боюнча Борбор Азияда 1-орунда


Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө жыл сайын 5 500гө чукул адамдан онкологиялык оорулар катталарын билдирди.


Маалыматка ылайык, Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен рактан каза болгон адамдардын саны боюнча биринчи орунда турат. Ооруну баштапкы этабында аныктоо үчүн эл рактын белгилери тууралуу алдын ала маалымдар болуп, дайыма профлактикалык текшерүүдөн жана скринингден өтүп турушу зарыл.


Министрлик жылына жатын моюнчасынын рагына кабылган 600 аял аныкталарын, анын ичинен 300ү көз жумарын белгиледи. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун КРдеги өкүлү Ливиу Ведраско Кыргызстан жатын моюнчасынын рагы боюнча ДССУнун Глобалдык стратегиясына кошулганын айтты.


"Учурда Кыргызстанда рактын бул түрү менен ооругандардын жана каза болгондордун деңгээлин азайтуу үчүн иш-чаралар жүрүп жатат. Тагыраагы, 2022-жылы эмдөө календарына 11-14 жаштагы кыздарды папиллома вирусуна каршы вакцинациялоо киргизилген. Анын бир жылында эле биринчи дозасын 72%, экинчисин 62% кыз алды. Бул оорунун алдын алса болот, биз ага биргеликте жетишебиз", — деди Ведраско.


Саламаттык сактоо министрлиги өнөктөштөрү менен чогуу жатын моюнчасынын рагы жөнүндө маалымдоонун бир айлыгынын алкагында пресс-жолугушуу уюштурган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн