Бугу 05, 2024
Убакыт: 08:28
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргызстан реформаларды жана өзгөрүүлөрдү колдогон 180-200 миң адамга муктаж

10.11.2020 09:14
553
Кыргызстан реформаларды жана өзгөрүүлөрдү колдогон 180-200 миң адамга муктаж


Гарвард университетинин саясат таануучусу Эрика Ченоветтин 2019-жылы жүргүзгөн изилдөөсү жөнүндө көптөн бери жазгым келип жүрчү.


Бул иштин жыйынтыгына жана дүйнөдөгү көптөгөн протесттердин анализине таянсак, саясий элита менен макул болбогон кишилердин сынчыл массасынын 3,5% өзгөрүүлөрдү жана реформаларды ишке ашыруу үчүн жетиштүү.

Маанилүү жагдай, нааразычылык акциясынын өзү үчүн 3,5% болушу шарт эмес, режимди кулатыш үчүн бир аз азыраак болушу мүмкүн, бирок андан кийинки өзгөрүүлөрдү жасаш үчүн, жок дегенде 3,5% керек. Кыргызстандын шартында реформалардын зарылдыгын түшүнгөн, токтоп калбай, прогресстен артка чегинбегенге даяр, реформаларды алга жылдырууга жана колдоого даяр 180-200 миң адамга муктаж.

Бул критикалык азчылык, анын колдоосу менен 2003-жылы Грузияда тынч роза ыңкылабынан кийин реформалар жүргүзүлдү. 1986-жылы Филиппиндердеги тынч сары революциясы дагы өзгөрүүлөрдү алып келген.


Судандагы да, Алжирдеги дагы узак мезгилдерге созулган массалык элдик нааразычылыктардын натыйжасында, ондогон жылдар бою бийликте турган бул өлкөлөрдүн президенттери кызматтан алынды.

Өтө маанилүү фактор - тынчтыкта, зордук-зомбулуксуз мүнөздөгү баш ийбөө каршылык аракеттер гана өзгөрүүлөргө алып келет. Бул менин оюмча, зордук-зомбулуксуз аракеттерден кийин экономика аз кыйналып, өсүш үчүн шарттарды түзүп жатат. Ошондой эле, зордук-зомбулуксуз аракеттер адамдардын психологиялык абалына анча таасир этпейт, дүйнөлүк коомчулук тарабынан инвесторлорду коркутпай, демократиялык актылар катары кабылданат. Жана массалык мүнөздөгү зордук-зомбулуксуз иш-аракет коомдун жетилгендигинин көрсөткүчү болуп саналат.

20-кылымдагы жүздөгөн нааразычылык өнөктүктөрүн карап чыгып, Ченовет зордук-зомбулуксуз адамдар зордук-зомбудук көрсөткөндөргө караганда максаттарына эки эсе көп жетти деген жыйынтык чыгарды.

Белгилүү бир тынчтык кыймылы өз максаттарына толугу менен жетише алганда гана ийгиликке жетет деп ишенишкен. Ошол эле учурда, мисалы, чет элдик аскердик кийлигишүүсүнүн натыйжасында режимдин өзгөрүшү ийгиликтүү деп эсептелген жок.

Эгерде адам уурдоо, бомба жардыруу, инфраструктураны бузуу же адамдарга же мүлккө кандайдыр бир башка зыян келтирүү болсо, үгүт зордук-зомбулук деп табылды.

Алар иликтеген 25 ири нааразычылык өнөктүгүнүн 20сы тынчтык жолу менен өтсө анын 14ү сөзсүз ийгиликке жеткен. Орто эсеп менен, зордук-зомбулуксуз нааразычылык акциясынын (200,000) катышуучуларынын саны зомбулук менен коштолгон кампанияларга караганда (50,000) төрт эсе көп болду.

"Калктын 3,5% жогоруда айтылган деңгээлине жеткенден кийин ийгиликсиз болгон бир дагы өнөктүк болгон жок" деди Ченовет. Ал бул көрүнүштү "3,5% эреже" деп атады.

Кыргызстанда адамдардын сынчыл массасы бар. Биздин жарандардын 3,5% га жакыны Атамбаевдин Баш мыйзамын өзгөртүүгө каршы добуш беришти. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында өткөн акыркы парламенттик шайлоо ошондой эле, ири өлчөмдөгү паракорчулук жана бурмалоолор менен жарандар жаңы же жаңыланган партияларга добуш беришкенин көрсөттү. Ошондой эле, көп сандаган адамдар шайлоонун жыйынтыгына каршы чыгышты.

Бирок, чоң "бирок" бар. Бул адамдар өзгөрүүлөргө даяр болушканы менен аларды жайылтууга жана коргоого даяр эмес. Мунун күнөөсү дагы деле болсо жарандардын маалымдуулук деңгээлинин төмөндүгүндө, ал билим берүүнүн деградациясынын жалпы деңгээлине гана эмес, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу, натыйжада ар бир жолу натыйжасыз режимдерди жактап, жарандык коомду жаманатты кылуу, манипуляция жана дезинформация болуп жатат. Билим берүү жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын жарандык ролун жогорулатуу боюнча дагы аткарыла турган иштер бар.

Бул аралыкта кыргыз тилинде окутуу жана баарлашуу жана жарандардын аң-сезим деңгээлин көтөрүү, аларды реформаларды кабыл алууга гана эмес, аларды коргоого жана кызматка көтөрүүгө даярданууга жардам берүү керек.


Гүлнура Төралиева, медиаэксперт, коомдук ишмер


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн