Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстан төрт шаарды суу менен камсыздоо үчүн чет жактан 18,8 млн алат

27.12.2023 14:55
203
Кыргызстан төрт шаарды суу менен камсыздоо үчүн чет жактан 18,8 млн алат


Кыргызстан Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан төрт шаардын таза суу системасын жакшыртуу үчүн 18,8 миллион евро алат. Тиешелүү келишимди Жогорку Кеңеш экинчи окууда ратификациялады.


Долбоорго Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Айдаркен шаарлары кирген. Ар бир калаага 4,65 евродон бөлүнөт.


Каражаттын 8 миллиону — кредит, 8 миллиону — грант, калган 2,8 миллиону — техникалык кызматташтык үчүн грант. Насыянын мөөнөтү 15 жыл, жылдык коюму Euribor+1 пайыз.


Долбоор ичүүчү суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоого, сууну эсепке алуу системасын киргизүүгө жана техникалык тейлөө үчүн жабдууларды модернизациялоого багытталат.


Насыяны алган жергиликтүү бийлик каражатты кайра кайтаруу үчүн таза суунун тарифин жогорулатат.


"Муниципалдык "Суу канал" ишканасы кызмат көрсөтүү акысын 15тен 80 пайызга чейин көтөрөрү каралган. Ал эми карыз алган Кадамжай, Айдаркен, Көк-Жаңгак, Таш-Көмүр шаарларында учурда суунун тарифи 4,9-11,6 сомду түзөт. 2025-жылдан баштап аларда 20 сомго жогорулатуу пландалган", — деди баяндама жасаган депутат Улан Примов.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн